Төрт миң кишини батырган мечит

Курулушу бүтүүгө жакындап калган бул мечит Жал кичирайонунда орун алган.

Мечиттин архитектуралык түзүлүшү Түркиядагы мечиттерге түспөлдөш болуп, мунаралары кыргыз оймолору менен кооздолгон.

Мечиттин уникалдуулугун ич жасалгасы дагы далилдеп турат.

Дубал, шыптарын 11 ай ичинде Куран сүрөөлөрү жана ар түрдүү оюулар менен көркөмдөп чыгышкан.

Мечитте бир убакта 4000ден ашык адам намазга жыгылса болот.

Ильязбек Полотов мечиттин ич жасалгасын жана чатыр туникелерин жасаган топтун жетекчиси. Анын айтымында, көркөмдөө үчүн колдонулган боёктор Түркиядан атайын алып келинген.

Сүрөтчүлөрдүн айтымында, ​Cатух Бограхан мечитинин жалпы курулушуна 4 миллион долларга жакын акча сарпталган.

Ушул тапта мечитте негизги курулуш иштери бүтүп, аз убакыт ичинде эл кызматына даяр болмокчу.