Пакистан полициясы христаин жубайларды аларды өлтүрмөк болгон мусулмандардын тобунан куткарып калды. Окуя 2-июлда Пенжаб провинциясынын Макки кыштагында болду. Райондук полициянын зардалы Сохайл Зафар Чаттанын билдиришинче, кат тааныбаган эрди-зайып түрдүү колледждердин урааны жазылган эски кендир чатырды төшөнчү катары пайдаланып жүрүшкөн. Ал жазуулардын арасында Курандын сүрөлөрү болгондуктан, молдолор жубайларды Алланын сөзү жазылган кендирди төшөнчүгө пайдаланып, Кудайды сыйлабады деп ур-токмокко ала баштаганда полиция жетип келген. Чала жан жубайлар Лахор шаарындагы христан коомуна өткөрүп берилген. Бир диниятчы камакка алынган.
Пакистан полициясы христиан жубайларды өлүмдөн сактап калды
Кудайга акаарат келтирди деп шектелип, мусулмандардын жаалданган тобу Лахордон 60 км түштүк батыштагы Кот Радха Кишан кыштагында уруп өлтүрүлгөн христан түгөйлөр. Окуя 2014-жылы болгон.