Баткенде быйыл өрүк аз

Аймакта жалпысынан өрүктүн 20дан ашык сорту бар.

Акыркы жылдары «Кандек», «Мирсанжалы», «Аккандек», «Касеки» деген илгерки сорттордун саны кыскарып кеткен. 

Өткөн жылы ашкана сорту 40-50 сомдон, быйыл 100-110 сомдон сатылды. 

Кээ бирөөлөр өрүктү кургатуу үчүн атайын тактайлардан өрүк жайгыч жасап алган. 

Эски өрүктөрдүн ордуна мол түшүмдүү, базар үчүн көрүнүшү жагымдуу жаңы сорттор тигилген.
 

Базарда быйылкы жылы өрүктүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу эки-үч эсе жогору бааланууда. 

Өткөн жылдары өрүктүн эң алдыңкы басы 250 сомго сатылса учурда 500сомдон жогору соода болуп турат.  

Учурда Баткендеги ар бир үй-бүлөдө аз түшүмдү коромжусуз жыйнап алуу үчүн жаш балдардан тарта аксакалдарга чейин өрүк менен алек болушат. 

Өрүк пленкада жакшы кургабай калат. Ошондуктан атайын тактайларды жасашат.