Жаштар “Эвергриния Республикасын” куруу долборуна катышууда

Долбоор катышуучулары

Кыргызстандын түрдүү аймактарынан топтолгон 66 улан-кыз “Эвергриния Республикасы” деп аталган жайкы лагерге катышууда. Билимди өркүндөтүүгө арналган окутуу Ысык-Көлдө 2-июлда башталган, 13-июлга чейин уланат.

Лагер учурунда жаштар “Эвергриния Республикасы” аттуу "өлкө" куруп, көп тилдүүлүк, баалуулуктарды сактоо аркылуу алга жылууга багытталган иш-мерчемдерди даярдашат.

“Келечек көп түрдүүлүктө: балдарды жана жаштарды өркүндөтүү” долбоору аймактык платформа болуп эсептелет. Ал жаштардын башын бириктирип, өлкөнүн өнүгүү жолдорун иштеп чыгуу максатында өкмөттүн демилгеси менен ЮНИСЕФ жана БУУнун колдоосунда өтүп жатат. (SE)