Кыргызстанда 100 миңден ашуун киши майыптыгы үчүн жөлөк пул алат

Социалдык фонддун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, майыптыгы боюнча пенсияга чыккан адамдардын саны 106 миң киши, алардын ичинде 48 миңге чукулу аялдар.

1-топтогу майып пенсионерлердин саны 9 миң, 2-топто 76 миң, 3-топто 21 миң киши бар. Ай сайын аларга мамлекеттик бюджеттен 360 млн. сом төлөнөт, бир жылга 4 млрд. сомдон ашуун акча керектелет.

Майыптык үчүн берилүүчү пенсиянын орточо өлчөмү 4 миң 400 сом.(ZKo)