Злотников: Жерүй боюнча элдин тилин табабыз

Орусиянын “Русская платина” компаниясынын өкүлү Константин Злотников ишкана Жерүй кенин иштетүүгө каршы чыгып жаткан жергиликтүү элдин тилин табарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Таластагы аталган кенге барган учурда айтты. Ушул тапта аталган өкмөт башчы Темир Сариев баштаган топ Жерүйдө жүрөт. Инвесторлор алтындын 85 пайызы жер астынан казуу ыкмасы менен алынарын, жылына 3,5 тонна казуу пландалып жатканын айтууда.

Жерүй кенин иштетүү укугун Орусиянын “Восток-геолдобыча” ишканасы сатып алган, ал “Русская платина” компаниясынын курамына кирет. Бирок жергиликтүүлөр экологиянын бузулушун айтып, кенди иштетүүгө каршылык билдирип келишет. (EBM)