Жерүйдө кен казуу иштери бир жарым жылдан соң башталат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сариев: Жерүй кызылышы керек

Орусиянын “Восток-Геолдобыча” ишканасы Таластагы Жерүй кенин казуу иштерин бир жарым жылдан соң баштайт. Бул тууралуу бүгүн аталган кенге иш сапар менен барган өкмөт башчы Темир Сариев билдирди.

Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки ири алтын кени. Аны иштетүү укугун Орусиянын “Восток-Геолдобыча” компаниясы сатып алып, бюджетке 100 миллион доллар төлөгөн.

Инвесторлор алтындын 85 пайызы жер астынан казуу ыкмасы менен алынарын, жылына 3,5 тонна казуу пландалып жатканын айтууда. Жергиликтүү эл кенди иштетүүгө каршылыгын билдирип келет.

Бүгүнкү иш-сапар учурунда аталган ишкананын өкүлдөрү да катышып, элдин тилин табууга аракет кылышарын билдиришкен. (SE)