Алтымыштан өткөндөр эски паспортун акысыз алмаштырат

Жашы 60тан өткөн жарандарга акысыз ички паспорт – ID-card берүү өнөктүгү башталды. Дагы эле 1994-жылкы паспорт менен жүргөн кишилер өзү жашаган жердеги паспорт столдорго кайрылып, аны 2004-жылкы ID үлгүсүндөгү документке алмаштырса болот. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Буга чейин жашоочуларга бир канча жолу эски паспортту жаңысына алмаштыруу сунушу берилген. (SE)