Ал 1962-жылы англис тилиндеги “Лоуренс Арабиялык” фильминде Шариф Алинин ролун аткарганы үчүн “Алтын глобус” сыйлыгына татыктуу болгон жана кийинки жылы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн. 1965-жылы Борис Пастернактын “Доктор Живаго” романы боюнча тартылган фильмде башкы каарман - доктор Юрий Андреевич Живагонун ролун аткарып, актердук чеберчилиги “Алтын глобус” менен бааланган. Булардан тышкары көптөгөн фильмдерде башкы ролдорду, анын ичинде Чыңгызханды ойногон. Дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн Венеция фильм фестивалы Омар Шарфке “Алтын арстан” сыйылыгын ыйгарган. Ал Альцгеймер оорусуна байланыштуу 2012-жылы киного тартылууну токтоткон болчу.
Египеттик актер Омар Шариф 83 жашында дүйнө салды
Омар Шариф “Лоуренс Арабиялык” фильминде.