Кыргызстанда ченемден тышкары ысык болушу күтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдоосуна караганда, 12-июлдан 16-июлга чейин Кыргызстанда ченемден ашыкча ысык аба ырайы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда ысык 41 градуска чейин жетет. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык зоналарында абанын температурасы 34 градуска чейин көтөрүлөт. (AiT)