Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк жайкы универсиада оюндарына Кыргызстандан барган 22 спортчунун баары мелдештерди аяктады. Бирок алардын арасынан жеңил атлетчи Дарья Маслова гана медал тагынды. Ал 11-июль күнү 5000 метрге чуркоо боюнча үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.
Кыргызстандан дзюдо, таэквондо, жеңил атлетика жана стол үстүндөгү теннис спортунан 22 спортчу кеткен болчу.
3-июлда башталган 28-жайкы дүйнөлүк универсиада 14-июлда аяктайт. Ага 146 мамлекеттен 10 миңден ашуун спортчу катышып, жалпысынан спорттун 26 түрүнөн таймашууда. (ECh)