Кытайда катуу шамалдан улам авиакаттамдар токтотулду

Ылдамдыгы саатына 187 километрге жеткен "Чан-хом" бороонунан улам жекшемби күнү Чжецзян провинциясында миллиондон ашуун адам эвакуацияланды. Шанхай бийлиги жашоочуларды сыртка чыкпоого үндөдү. Төрт жүздөн ашуун авиакаттам токтотулду.

Мурдараак “Чан-хом” бороонунан Филиппинде беш киши мерт кеткен болчу.

Шамал Тайван менен Жапонияны да аралап өткөнү айтылууда. Табигый кырсык Түштүк Кореяга да жетип, ички каттамдар токтотулганын жергиликтүү булактар кабарлады. (SE)