Кылмышкерлер жана эреже бузгандар бирдиктүү тизмеге катталат

Кыргызстанда эреже бузгандардын жана кылмыш кылгандардын бирдиктүү реестри түзүлөт. Аталган долбоор бүгүн сот реформасы боюнча өткөн жыйында тааныштырылды. Эксперттик топтун мүчөлөрү билдиргендей, бирдиктүү тизме Ички иштер министрлигинин алдында топтолот. Ага эреже бузгандардан баштап, кылмыш кылгандарга чейин кирмекчи.

Тизменин негизинде ар бир жарандын өздүк тарахын аныктоо жана жооптуу кызматка дайындоодо буга чейинки мыйзамды сактап-сактабаганы туурасында маалымат болот. Бирдиктүү реестрден күч органдары жана мыйзамда көрсөтүлгөн кызматтар гана жарандар тууралуу маалымат алса болот. Ошондой эле ар бир жаран өзүнүн тизмеде бар-жогун тактоого мүмкүнчүлүк берилет.

Сот реформасы боюнча жыйында айтылгандай, эреже бузгандардын жана кылмыш кылгандардын бирдиктүү реестри аркылуу кылмыштуулук менен күрөшүү да жеңилдейт. (SDz)