Орусия: казармадагы кырсыкта 18 солдат өлдү

Кыйраган аскер казармасынын көрүнүшү. Омск, 13-июль 2015

Омск шаарында аскер казармасы кыйрап, 18 жоокер набыт болду. 13-июлда Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковдун маалымдашынча:

- 37 аскер урандылардын астынан чыгарылды. Алардын 18и апаат болду. 19 солдат ооруканага жаткырылды жана жеңил жараат алган үч аскер санитардык бөлүккө жөнөтүлдү. Беш аскер изделүүдө. 

12-июлда аба десанттык аскерлердин окуу борборунун төрт кабаттуу казармасынын бир бөлүгү кыйрап калган. Аварияга курулуш ишиндеги техникалык кемчилик себеп болгон деп боолгонууда.