Аба десанттык аскерлердин окуу борборунда 23 жоокердин өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу Омск облусунда 14-июль - аза күтүү күнү деп жарыяланды.
12-июлдун кечинде окуу борборунун төрт кабат казармасынын бир бөлүгү кыйрап калган. Андан 23 адам өлүп, 19у жараат алган. Окуянын себептери териштирилип жатат.
Кырсыкка байланыштуу окуу борбордун башчысы кармалып, сурак берүүдө. (SE)