Ош: Сары-Колот айыл өкмөтүн шайлоо экинчи жолу үзгүлтүккө учурады

Бул тууралуу “Азаттыкка” Сары-Колот айылынын тургуну Калыкбек Сөлпүев кабарлады.

Анын айтымында, айыл өкмөтүн шайлоого айылдык кеңештин депутаттарынын көбү келбей коюп, кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калган. Сары-Колот айыл өкмөтүн шайлоо 25-июнда да кворумдун жоктугунан болбой калып, бүгүнкүгө экинчи ирет шайлоо күнү белгиленген болчу.

Шайлоолор боюнча эксперт Идирис Кубатбековдун айтымында, айыл өкмөтүн экинчи аракетте шайлай албаган айылдык кеңеш таркатылат. (YI)