Талас: Көзөмөл пунктундагы коррупциянын бети ачылды

Талас облусунун Кызыл-Адыр көзөмөл пунктундагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Атайын кызматтын облустук прокуратура менен биргеликте жүргүзгөн операциясынын негизинде, аталган пунктта өткөн жылдын 23-июлунан бери салмагы нормадан ашып кеткен 400 жүк автоунаасы эч чара көрүлбөстөн, айыппул салынбастан өткөрүлүп келген.

Натыйжада, административдик айып катары мамлекетке 4 млн. сомдой акча түшпөй калган.

Бул боюнча кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен иш козголуп, териштирүү жүрүүдө.