Таң эрте шаардын борбордук Эркиндик аянтына айт намазын окууга 10 миңден ашык адам келди. Орозо айт майрамы менен шаардыктарды калаа мэри Салайдин Авазов куттуктап, көп улуттуу шаар тургундарына ынтымак жана улуу майрамда жакшылыктарды тиледи. Аймакта айт намаздар быйыл 4-жолу аянтта окулууда.
Учурда борбордук аянтын бир бурчуна тамак-аштар сатыкка коюлуп, эс алуу бактарында күндөгүдөн айырмаланып бүгүн эл көп. (RsK)