УКМК: террорчулар "Кант" авиабазасын жардырмак

16-июлда кармалган эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү “Кант” авиабазасында жардыруу уюштурууну максат кылышкан. УКМКдан билдиргендей, террорчулар Орусияга таандык базанын куралдарын алууну көздөгөн. Ошондой эле бүгүнкү айт намазы убагында дагы жардырууну уюштурмак. Тергөө ишинде алынган маалыматтарга таянган УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, кармалган террорчулардын саны 7 адамга жетип, алар "Ислам мамлекети" радикалдык тобуна мүчө экендиги аныкталды.

- Террористтик актты уюштуруу үчүн согушчандар буга чейин 500 кг аммиак селитрасын сатып алышкан, буга алар колго жасалган жардыруучу затты даярдашмак. Бул үчүн аларга Сириядан көп өлчөмдөгү акча каражаты которулган. Антитеррористтик операция учурунда алардан ири суммадагы акча, 7 автомат, 5 тапанча жана көп көлөмдөгү жардыруучу граната жашаган үйүнөн алынды. Учурда кармалгандардын башка дагы шериктештери тууралуу маалыматтар такталууда, - деди Сулайманов.

Кечээ кечинде Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда террористтерди кармоо операциясы болуп, УКМКнын төрт жоокери жаракат алып, төрт жоочу өлтүрүлгөн. (SDz)