Бүгүн Чолпон-Ата шаарында генерал Эргеш Алиевдин 110 жылдыгына карата милиция кызматкерлеринин үч күндүк спартакиадасы башталды. Анын алкагында жети облустан, милициянын башкармалыктары жана ИИМ академиясынан келген 12 команда спорттун 3 түрү боюнча күч сынашмакчы.
Мелдештин биринчи күнү таш көтөрүү, эртең аркан тартыш, ал эми 3-күнү кол күрөш оюну менен иш-чара жыйынтыкталат.
Милиция кызматкерлеринин спартакиадасы 5 жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал күч кызматкерлеринин физикалык деңгээлине баа берүү менен бирге аларды ыкчам болууга, спорт менен тынымсыз машыгууга үндөө максатын көздөйт. (AsA)