Акимди иштен алуу жөнүндө токтом жасалма болуп чыкты

Лейлектин акимин иштен алуу боюнча өкмөт башчы Темир Сариевдин токтому жасалма болуп чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. Анын айтымында, Сариев Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповду жумуштан четтетүү тууралуу токтомго кол койгон эмес.

Баткен облусунун Лейлек райондук администрациясынын расмий электрондук дарегине райондун акими Тилеберди Ариповду ээлеп турган кызматынан бошотуу жөнүндө Темир Сариевдин колу коюлган токтом келип түшкөн. Арипов 2012-жылдан бери аталган райондун акими кызматында иштеп келет.

Буга чейин жабык жайларда Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып, аткаминерлерден акча тоногон шылуундар аныкталган. (SA)