Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Максат Кунакуновду тергөө иштери аягына чыкканга чейин эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу күч органдарынан кабарлашты.
“Ак-жол” партиясынан депутат болгон Максат Кунакунов атайын операцияда өлтүрүлгөн куралдуу топ менен байланышы бар, аларга акчалай жана курал-жарактан жардам берип турган деген шек менен 20-июлдун таңында “Манас” аэропортунан кармалган.
16-июль күнү Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо операциясы өткөн. Операция учурунда УКМКнын атайын отрядынын төрт жоокери жаракат алып, кылмышка шектүү төрт адам өлтүрүлгөн, жетөө колго түшүрүлгөн. (КЕ)