Канжар Кадыралиевдин соту 29-июлга калды

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту Канжар Кадыралиевдин ишин кароону 29-июлга калтырды. Буга эки жабырлануучу жана алардын адвокаты келбей калганы себеп болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Оштогу ашканасын Кадыралиевге тарттырып жибердим деген Мирлан Жолдошев кабарлады. 13-июлдагы отурум соттолуучунун келбегенине байланыштуу бүгүнкү күнгө калган. Бүгүн Кадыралиев соттук процесске катышты.

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Кадыралиевге ишкерлерди опузалап, өзүм билемдик кылды деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына отургузулушу керек болчу, бирок ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу камалган эмес. Кадыралиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (КE)