Бардык энергетикалык компаниялар бир холдингге биригет

Бул тууралуу бүгүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев коллегиялык жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, бардык энергетикалык компаниялар 2016-жылдын биринчи кварталынан баштап бирдиктүү холдингге биригет. Бул энергетика тармагындагы бири-бирин кайталаган кызматтарды кыскартууга, негизги компанияларды координациялоого жана ылайыкташтырууга шарт түзөт. Министрлик буга байланыштуу мыйзам долбоорду Жогорку Кеңешке киргизгени жатат. (КЕ/SDz)