24-июлда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 20…25, күндүз 32…37;
Суусамырда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 32…37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 17…22, күндүз 26…31;
Нарында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18.
24-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкүсүн 21…23 градус, күндүз 34…36 градус болот. (КЕ)