Кыздардын үшүн алган “патриоттор” (2)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусияда “башка улуттагы эркектер менен жүрдүң” деп айыптап, кыргыз кыздарын жазалаган, өздөрүн “патриот” деп атап алгандардын тасмалары интернетте байма-байма жарыяланып, кызуу талкууланып келет. Орусияда кыргыз кыздарын ушундай жол менен жазалоо өнөкөткө айландыбы? Ал балдар мыйзам алдында жоопко тартыла элек. “Патриоттордун” иш аракетин актаган пикирлер да аз эмес. “Азаттык+” бул жолу ушул теманы талкууга алды.