Беш жыл ичинде мөөнөтүнөн мурда 63 депутаттын мандаты алынган

Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Алардын ичинен 45 депутат өз арызынын негизинде мандатын тапшырган. Башка жумушка дайындалгандыгына байланыштуу 13 депутаттын, соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу 3, белгисиз себептер менен жыйынга катышпаган 1 жана Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде 1 депутаттын мандаты алынган.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында 1995-2000-жылдар аралыгында Кыргызстанда биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламенти – Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны иштеген. Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамында 35 депутат, Эл өкүлдөр жыйынынын курамында 70 депутат болгон.

Бир палаталуу парламент 2005-жылы иштей баштаган. 2010-жылы Баш мыйзам өзгөрүп, парламенттик башкаруу системасы киргизилген. Учурда Жогорку Кеңеште 120 депутат бар. (AzK)