“Мейкин Азия-2015”: жеңүүчүлөр аталды

Калыстар тобунун жетекчиси - “Түрксой” уюмунун башкы катчысы Дуйсен Касеинов, Кыргызстандан мүчө болуп белгилүү композитор Муратбек Бегалиев кирген.

Фестивалга 19 мамлекеттен 24 ырчы катышты.

Фестивалга көрүүчүлөрдүн көп келери айтылганы менен, үч күн бою даярдалган эки жарым миң орундуктун жарым-жартылайы гана толуп турду. Айрымдар муну билет баасынын кымбаттыгына байланыштырышса, уюштуруучулар фестивалды жетиштүү деңгээлде жарнамалай алышкан жок дегендер да болду.

"Мейкин Азия" эл аралык ыр сынагынын жеңүүчүcү деп бахрейндик ырчы Натали Ал-Ганем табылды. Гран-при ээси эл аралык фестивалдын атайын кубогун жана 5 миң доллар байгени утуп алды.

Катышуучулар сынакта эне тилинде жана өз тандооcуна жараша бирден ыр ырдашты.

Фестиваль Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, аны менен бирге кереметүү көлгө туристтерди тартуу максатын көздөдү. Мындан улам өкмөт “Мейкин Азияны” салттуу эл аралык сынактардын катарына кошууга кызыкдар болууда.

Ыр сынакты Евразиянын 36 өлкөсүнө түз көрсөтүүгө Түркиянын "ТРТ-Аваз" телеканалы көмөк көрсөткөн.

"Мейкин Азия" Кыргызстанда ушуну менен экинчи ирет өткөрүлдү.

Үч күнгө созулган эл аралык ыр сынагы ишембиде Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталды.