Франциянын Кале порт шаарында судандык мигранттын өлүгү табылды

Франциянын атайын полициясы Британияга кетчү машинелерге жабышып кетүүнү каалаган мыйзамсыз мигранттардын жолун бөгөшүүдө. 17-июнь, 2015.

Полициянын билдиришинче, аны паромго кирип бараткан жүк тартчу машине уруп кеткен. 25-30 жаштагы жигит 1500дөй мыйзамсыз мигрант менен чогуу өткөн түнү Евротуннелдин терминалына кирүүгө аракет жасап жатканда кырсыкка кабылган. 29-июлга оогон түнү Франциядан Британияга жетүүнү көздөгөн 2 миңден ашуун мигрант Евротуннелге киргенге аракет кылган.

Июндан бери эле Евротуннель аркылуу Британияга өтүүгө аракет жасаган тогуз мигрант набыт болду.

Кале шаарынын четинде 5 миңдей мигрант конуш жасап алышкан жана поездге же кемеге жабышып, Британия жээгине жетүүнү каалашат. Алардын көбү Африка жана Жакынкы Чыгыштан.