Штайнмайер жана Барзани Анкара тынчтык жараянын улантышын жакташты

Түркиянын согуштук тикучары Инчирлик аэродромунан абага көтөрүлүүдө. 27-июль 2015

“Түркия жана Күрдистан жумушчу партиясы - ПКК ортодогу мамиле осолдогонго карабай тынчтык жараянын улантышы абзел. Эскалация экстремисттер үчүн гана кызмат кылат”,-деп билдирди 29-июлда Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Маалымдалгандай, 28-июлда Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер Ирактагы Күрт автономиясынын президенти Масуд Барзанинин телефондон баарлашып, жогорудагыдай бүтүмдү туура тапкан.

29-июлда Түркиянын парламенти оппозициянын талабы боюнча кезексиз сессия өткөрдү. Анда “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушчандарына жана ПККнын козголоңчуларына Түркиянын сокку уруусу, президент Режеп Тайып Эрдогандын согушчандар менен байланыштагы саясатчылардын кол тийбестик укугун алып салуу суранычы талкууланды.

Түркиянын истребителдери Ирактын түндүгүндөгү ПККнын жоокерлеринин өңүттөрүнө сокку урууну өткөн аптада баштаган.