Соң-Көл жайлоосунда эртең өтө турган фестивалда улуттук ат оюндары жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, "Ак Мөөр", "Соң-Көл периси" деген аталыштагы сулуулар сынактары уюштурулат.
Фестивал улуттук каада-салтты даңазалоо менен туризмди өнүктүрүү, чет өлкөлүк туристтерди тартуу менен региондун экономикасын өнүктүрүү, Соң-Көл жайлоосун туристтик аймакка айландыруу максатын көздөйт.
Иш-чаранын алкагында "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу максатында манасчылар арасында таймаш болот. Фестивалга чет жактан коноктор да келери күтүлүүдө. (MiK)