Нарындын Орто-Саз айылын сел каптады

3-августта түнкү саат 22 кийин нөшөрлөп жааган жаандан  Нарын районунун Орто-Саз айылында сел жүргөн.

Сел Кара-Коо коктусундагы мал сарайдын жанында жыйылган 4 тонна чөптү толугу менен агызып, Нарын-Ийри-Суу унаа  жол аркылуу  20 турак жайды каптап,  5 үйдүн жертөлөлөрүн чайкаган. Бала бакчанын короосун сел каптаган.

Учурда ӨКМдин жергиликтүү куткаруучулары, айылдык ыктыярчылар жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы биргелешип селдин кесепеттерин жоюшту. (МТо)