Темир Сариев эмгек өргүүсүн токтотту

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жана Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча казак президенти менен нотага кол коюу үчүн премьер-министр Темир Сариев эмгек өргүүсүн токтотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Сариев 4-августтан 7-августка чейин эс алууга чыккан эле.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Май аймагында кыргызстандык жана тажикстандык жарандар топтолуп, эки күндөн бери жер жана суу маселесине байланыштуу жаңжалдашууда. (SE)