Бишкекте жер басып алууга байланыштуу кылмыш иши козголду

Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы  Кара жыгач сейил багындагы жерди басып алууга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралу 5-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган сейил бакта, 21-мектептин чыгыш жагындагы жерге тиешелүү уруксат кагаздары жок эле жерпай салына баштаганы аныкталган.

Учурда териштирүү жүрүүдө. (МТо)