Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов эки өлкө ортосундагы кызматташуу боюнча 15 келишимге кол коюшту.
Алар айыл-чарба, саламаттык сактоо, маданият, туризм жана башка тармактарды камтыйт.
Жолугушуу жүрүшүндө түркмөн президенти Бердымухаммедов мынчалык көп келишим буга чейин Кытай менен гана жетишилгенин белгиледи.
Президент Атамбаев Түркмөнстан Ысык-Көлгө беш жылдыздуу мейманкана курарын айтып, эртеңден тарта ылайыктуу жер караларын маалымдады.
Ошондой эле тараптар унаа жаатында кызматташтыкты өнүктүрүп, учак, темир жана автоунаа жолун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. (SDz/MTo)