Эл аралык авиакаттамдарга баа өсөт

Эл аралык аба транспорту ассоциациясы рубль кунунун түшүп, доллардын өсүп жатканына байланыштуу авикаттамдарга баа жогорулашы мүмкүндүгүн билдирди.

Компаниянын божомолунда апта соңуна чейин билет баалары 6 пайызга чейин өсөт. Өткөн жумада кымбаттоо беш пайызды түздү. Кассалардагы нарк жадыбалынын жаңылануусу уланууда.

Кыргызстандыктар эң көп каттаган Орусияга билеттер 15 миң сомго чапчыганына бир жумадан ашып калды. (SE)