Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эки кызматкерине байланыштуу иш тергелип бүтүп сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ушул жылдын 13-апрелинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан УКМКнын эки кызматкери кыргыз-казак чек арасынан аткезчилик менен өткөн парфюмериялык товарды калкалады деп кармалышкан. Жүктүн жалпы баасы 11 млн. сомго жакын. Алар мындай жүктөрдү үч жылдан бери калкалап жүргөнү айтылган.
Буга байланыштуу кызмат абалынан кыянат пайдалануу, аткезчиликке катышуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Иш азыр Бишкек гарнизондук сотуна өткөрүлдү. (МТо)