Алиби Жумагуловду урган казак ишкери 13 жылга кесилди

Астананын тургуну Алиби Жумагуловду ур-токмокко алды деп айыпталган ишкер Кайрат Жамалиев 13 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекет пайдасына чегерилмей болду. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Сот ишкерди опуза талап, мыйзамсыз эркинен ажыратуу жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук беренелери боюнча айыптуу деп тапты.

Ишкердин шериктери Арман Абилтаевди 12, Анатолий Прибытковду 8 жылга күчөтүлгөн режимге кесип, үй-мүлктөрү конфискацияланды.

2014-жылы Нурлан Жумагулов аттуу киши 24 жаштагы баласын жогорудагы адамдар аёосуз сабагандыгы тууралуу интернетке сүрөт-видеолуу маалымат чыгарган. Бул эл аралык интернет колдонуучулары арасында чоң талкууну жараткан. Кийинчерээк окуяга ишкердин аялы Айнур Исина себеп болгону маалымдалган.