Тоңдогу дартка даба туздуу көл

Туздуу көлгө туристтер 2000-жылдан тартып келе баштаган. Ушул жылы Кыргыз илимдер академиясынын академиги Үсөн Мамыров туздуу көлдүн суусун жана кара баткагын анализ жасатып, бир канча ооруларга шыпаа экенин далилдеген. 

Адистердин айтымында, көлдүн айланасындагы кара баткактар тери дарттарын, бронхит жана астманы айыктырууга жардам берет. 

Мында дарыланууга Европа менен Орусиянын алыскы аймактарынан жана бүтүндөй Азиядан туристтер келишет.  

Мында туристтердин даттанганы жол маселеси жана көлдүн айланасындагы таштандылар. 

Жол таштак, айрым жерлерин кыян жеп кеткендиктен 12 чакырым жолду эс алуучулар дээрлик бир саатта басып өтүшөт. 

Жаан катуу жааган күндөрү көлдү көздөй машине каттабай калат. Ал эми көлгө келгендер көбөйүп кеткенде тегеректе таштандыны тазалоого кызматкерлер жетишпей калышат экен. 

Көлдүн жанында кичи жайма базар, унаа токтотуучу жай, ашкана-кафе, боз-үй-мейманкаланалар орун алган. Жатаканалардын баасы киши башына 200 сомдон. 

Кирүү акысы киши башына 100 сомдон, ар бир унаага 150 сомдон. 

Жергиликтүү тургундарга 50 пайыздык жеңилдик каралган.