Донецкте ЕККУ өкүлчүлүктүн автоунаалары өрттөлдү

ЕККУнун миссиясынын өрттөлгөн автомобилдери. Донецк, 9-август 2015

9-августка караган түнү Донецкте Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун атайын миссиясынын төрт автоунаасы өрттөлдү. ЕККУ Украинанын чыгышындагы өкүлдорүнүн миссия Твиттерде маалымдашынча, автоунааларды өрттөө - кырдаалды такай көзөмөлдөөгө каршы күчтөр бар экенин күбөлөйт.

Өкүлчүлүк 7-августтагы билдирүүсүндө Донецк абамайданынын а тарабында элдешүү шарты бузулуп, ок атышуулар көбөйгөнүн маалымдаган. ЕККУ миссиясына ок атышууларды токтотуу боюнча Украина өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер быйыл февралда Минск шаарында кол койгон келишимди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн.