Азербайжандык журналист ур-токмоктон кийин көз жумду

Журналист Расим Алиев.

31 жаштагы Расим Алиев 9-августта Бакуда ооруканада алган жараатынан көз жумганы маалымдалды. “Габала” клубунун футболисти Жавад Хусейновдун тарапкерлери Алиевди Фейсбукта спортсменди жамандаган макала жазды дешип, 8-августта сабап кетишкен. Алиев өз макаласында Жавад Хусейновдун 31-июлда Кипрдин “Ларнака” командасы менен болгон Европа лигасынын алкагындагы беттешүүдөн кийинки адепсиз жүрүм-туруму тууралуу жазган болчу.

Sport For Rights эл аралык кыймылы журналисттин өлүмүн иликтеп, күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартууга чакырды.