Ысык-Көлдө 8-августта сууга чөгүп бараткан наристе кыздарды куткарып калам деп өзү мерт болгон офицердин сөөгү бүгүн Чүйдө жерге берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коргоо министрлигинен кабарлашты.
№83101 аскер бөлүгүнүн командири, 46 жаштагы Эрнис Эсеналиев көлдө эс алууда жүргөн. Сууга түшүп жаткан эки кыз чөгүп баратканда аларды куткарып калган, бирок өзүн чоң толкун алып кетип, мерт болгон.
Министрликтин маалыматына караганда, куткарылгандардын бири Эсеналиевдин өзүнүн, экинчиси туугандарынын кызы. (RK)