Ала-Тоо аянты тазаланууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эгемендүүлүк майрамына карата Ала-Тоо аянтындагы мрамор комплексин жууп-тазалоо иштери башталды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ала-Тоо аянтындагы мрамор имараттары курулгандан бери бир да жолу жуулган эмес. 31-августка чейин, Мамлекеттик тарых музейи жана Улуттук филармониянын имаратынын тышын жууп, тазалоо планга кирди.