Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд. кубметрден ашты

Өткөн жылы 10-августта суу сактагычта 11 млрд. 617 млн. куб метр суу бар болчу. 2013-жылы 10-августта 15 млрд. куб метр суу болгон. Акыркы беш жыл аралыгында Токтогул суу сактагычына 2011-жылы 10-августта 19 млрд. 239 млн. кубметр суу толгон.

Суу сактагычтын көлөмү 19 млрд. куб метр.

Ал эми 2008-жылы суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 млрд. 338 млн. кубметр болгон.(ZKo)