Ноокенде кайненесин өлтүргөн келин камакка алынды

Райондун борбору Масы айылынын тургуну, 23 жаштагы келин кайненеси Альбина Мурашкинанын өлүмүнө шектүү катары камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда 64 жаштагы Альбина Мурашкинанын жансыз денеси 12-августта бир канча жаракат менен өз үйүнөн табылган.

Быйыл жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 21 адам өлтүрүү фактысы катталып, 19унун бети ачылган. (RsK)