“Аль-Каида” террорчул уюмдун лидери Айман аль-Заухари “Талибандын” жаңы башчысын колдой тургандыгын билдирди.
Заухари аудио билдирүүсүндө Омор Молдонун ордун баскан Мухаммад Ахтар Мансурга колдоо көрсөтөрүн ырастаган.
Айман аль-Заухари Ооганстан менен Пакистандын чек арасында жашынып жүрөт деген божомолдор бар. Буга чейин “Талибан” уюмунун бир бөлүгү Ахтар Мансурду колдошпостугун, мындан ары “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна кошула тургандыктарын маалымдаган. “Талибандын” ичиндеги экиге бөлүнгөндөр арасында куралдуу кагылыш да болуп өткөн.