Түркиянын чыгышындагы куралдуу кагылышта бир түрк аскер жана үч күрт согушчан окко учту. Расмий маалымдалгандай, тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясы - ПККнын согушкерлери менен Түрк аскерлеринин 16-августта Карс провинциясында өткөн салгылашуусунда бир жоокер жарадар болгон. 25-июлда Түркиянын күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү козголоңчулардын базаларына абадан сокку ура баштагандан бери аскерлер менен күрт согушчандары тынбай кагылышууда. Авиачабуулду баштоо эки жыл мурда жетишилген элдешүүнү токтоткон. 15-августта ПККнын Түркияга каршы ачкан согушуна 31 жыл толду. Бул жылдары куралдуу калабаларда 40 миңден ашуун адам жайран болгон.
Түрк аскерлери күрт согушчандар менен салгылашты
Күрт согушчандарынын чабуулунда курман болгон аскерлердин бири Хамза Илдиримдин атасы (ортодо) жоокерлердин тажиясы кезде эс-үчүн жоготууда. Анкаранын Кочатепе мечити. 31-июль 2015