Нарында ВИЧ-инфекциянын тез таралуусу байкалды

Нарын облусунда ВИЧ-инфекциянын таралышы 2015-жылдын 6 айында интенсивдик көрсөткүчү 100 000 калкка 33,8% түзүп, төмөнкү деңгээлде турганы менен, акыркы жылдарда ВИЧ-инфекциянын ыкчам таралып жатканы байкалууда. Бул тууралуу облустук коллегияда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова билдирди.

Бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциясынын 93 учуру катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу ал 25 көбөйгөн.

Катталгандардын 71 - эркектер, 22 - аялдар жана алардын басымдуу бөлүгү 30 - 40 жашка чейинки курактагылар.

Аталган ооруну жуктуруу жыныстык жол менен 45 киши, паренталдык же таза эмес ийне сайынуудан 44 киши жуктуруп алышкан. Ошондой эле, баңгичиликти табууда Кочкор районунда, Нарын шаарында иштер солгундап, тиешелүү структуралар менен биргелешкен рейддер уюштурулбай калган. (MiK)