Орусияда тыйуу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү деп айыпталган Гапур Магомедов беш жылга кесилди. Ленинград округдук аскердик соту 14-августта Кыргызстандын жараны Махамадамин Салиевди да ушундай жүйө менен 5 жылга эркинен ажыраткан.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан “Хизб ут-Тахрир” суннит уюму бардык мусулмандарды бириктирген ислам халифатын түзүүнү көздөйт. Орусия аны террордук уюм деп, 2003-жылы тыйуу салган. Аны Борбор Азия өлкөлөрү да террорчу уюм деп тааныган.