9 партия шайлоо фондуна акча которушту

Парламенттик шайлоого аттанган 9 партия шайлоо фондуна акча которушту. Бул тууралуу БШК мүчөсү Гүлнара Батырова “Азаттыкка” билдирди.

Учурда “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шайлоо фондуна 45 млн. сом которуп башкалардан алдыда. Мындан тышкары өз фонддоруна КСДП, "Ата Мекен", "Бир бол", "Республика Ата-Журт" жана "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиялары 5 миллиондон ашуун акча которушкан.

Ал эми "Аалам", "Улуу Кыргызстан" жана "Азаттык" партиялары топтогон каражаттар 5 миллион сомго жетпейт.

Мыйзам боюнча саясий партиялардын шайлоо фондунун эң жогорку чеги 500 млн. сом деп белгиленген. Ар бир партия шайлоого катышуу үчүн 5 млн. сом күрөө коюуга тийиш. Күрөө коюунун мөөнөтү 25-августта аяктайт. Шайлоого катышкандардын 5 % кем добуш алган партияларга күрөө кайтарылбайт. 4-октябрдагы шайлоого 34 партия катышуу ниетин билдиришкен.(UEz)